Жапаров: «Салыкчыларга 150 миллиард сом жыйноо, ал эми бажы кызматына 100 миллиард сом планы коюлду»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.

«Ушул жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын  план коюлган», — деди Министрлер кабинетинин башчысы. Кеңешмеде салыкчылар 2022-жылга карата иш планы тууралуу менен катар ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти. Акылбек Жапаров салык кызматынын алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.