Жапаров: «Тамчы» аэропортунун тушуна 9 мейманкана салынат. Бирөөнү Азиз Суракматов салам деди»

“Тамчы” аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салып башташты. Ал жерде 90 гектар жер бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде билдирди.

«10 гектардан 9га бөлгөнбүз. 9 беш жылдыздуу мейманкана курулат. Биринчиси башталды. Эки жылда ишке бересиңер деп талап коюп жатам. Өзүбүздүн ички инвесторлорду, олигархтарыбызды чакырам. Алгыла да салгыла, бир эле талап – 5 жылдыздуу мейманкана салуу, аны эки жылда ишке киргизүү. Кийин анан жердин баарын жалаң чет өлкөлүктөргө берип салыптыр деп чыгышпасын. Азиз Суракматов деген жигитибиз “мен бирөөнү салам” деп жер сурады эле. Келсин, салсын. Жерлер даяр, бүгүн бергенге даярбыз», — деди өлкө башчысы.