Жапаров: «Ташиевдин өзүнүн дагы, үй-бүлөсүнүн дагы бир тал чачын түшүртпөйбүз»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшүп жатканын, үй-бүлөсүн жана өзүн кайтаруу керектигин билдирди.

«Бул киши өзүн ойлобой эле күрөшүп жатат. Чаралар барбы?» — деди депутат.

«Садыр Жапаров тарабынан буга өзгөчө көңүл бурулууда. Ташиевдин өзүнүн дагы, үй-бүлөсүнүн дагы бир тал чачын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейбиз», — деди Жапаров.

«Бул киши өзү сурабайт. Өзүбүз кайтартышыбыз керек», — деди депутат.