Жаш саясатчы Темирлан Султанбеков студенттердин маселесин чечип бергиле деп өтүнүп бийлик башчыларына кат жөнөттү

«Социал-демократтар» саясий партиясынын төрагасынын орун басары Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровго, Талант Мамытовго жана Артём Новиковго студенттердин өтүнүчү боюнча кат жөнөткөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бардык жогорку окуу жайлардын студенттеринен ушул окуу жылында келишимдик негизде төлөмдөрдүн көлөмүн 50 пайызга кыскартуу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Коронавирус пандемиясы өлкөнүн экономикасына гана эмес, калктын чөнтөгүнө да катуу сокку урду: чектөө чаралары өлкөнүн көптөгөн жарандарына, анын ичинде студенттерге, ошондой эле алардын ата-энелерине иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ушул оор кырдаалда, билим алууга умтулуп жаткан  жаштарга көңүл бурууну суранам”, — деп билдирүүдө жазылат.