«Желек ар бир жарандыкы». Депутат мыйзам «тартып-түртүп» өткөрүлгөнүн айтты

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окуудан өттү. 66 депутат желекти өзгөртүүгө макулдугун берип, 8и каршы болду.

Добуш берүүдөн кийин Эрулан Кокулов микрофонго чыгып, дагы шашып кетишкенин айтты. «Баягыдай шашып кеттик окшойт ээ. Суроолорду да бере албай калдык. Желек Жогорку Кеңештики эмес, желек ар бир жарандыкы. Референдум менен чечилиши керек болчу. Силер бизге түшүндүргөндү элге түшүндүрүш керек болчу. Тартып-түртүп туруп өткөрүп салдыңар», — деди депутат.