Желек боюнча элден эмне үчүн суралган жок? Өлкө башчысынын жообу

Соңку учурда Ысык-Көлдө комуз формасындагы пирстин курулушу дагы кайчы пикирлерди жараткан. Буга байланыштуу «Кабар» агенттиги мамлекет башчысына бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алды.

— Желекти өзгөртүп атканда да элден сурамжылоо кылып койсо болмок дегендер болууда?

— Желек эми комуз эмес да. Желек тез-тез алмашып турган символ. Биздин кыргыз деген атыбыз беш миң жылдан бери жашап келет. Комузубуз дагы ошол мезгилден бери келатат. Желегибиз болсо далай жолу өзгөргөн. Дагы да мезгил талабына жараша өзгөрө берет.

Мисалы өнүккөн өлкөлөрдү алалычы. Америка өз желегин 26 жолу өзгөрткөн. Испания, Венесуэла 8 жолу. Францияда желек саясий режимге карап алмашып турганы маалым.

Эң негизгиси мен элибиздин тагдырына, мамлекетибиздин келечегине балта чапкан чечимдерди кабыл албасам болду. Андай чечимдерди кабыл алуудан алысмын. Ар бир чечимим жети эмес, жетимиш өлчөнүп, бир кесилет. Демек, менин ар бир саясий чечимимдин артында келечекте эл үчүн, мамлекет үчүн бир жакшылык же пайдасы бар бир нерсе жатат деп билсеңиздер болот. Ар бир чечимиме тарых өз баасын берет. Азыркы мезгилдеги чечимдериме келечекте кыргыз эли, келечек муундарыбыз “эң жакшы” деген баа бербесе дагы, “жакшы” деген баа берет деп терең ишенем.