Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору бүгүн комитетте каралат

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетине мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору келип түшкөн.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов комитеттен мыйзам долбоорун биринчи маселе катары кароону өтүндү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында күн тартиби өзгөргөн жок, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору комитеттин кароосуна киргизилген бардык мыйзам долбоорлорунан кийин каралат.

Ал эми Дастан Жумабеков тийиштүү документтер берилбегенин айтып, бүгүнкү күн тартибинен алып салууга чакырды. Анын сунушу өткөн жок.