Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам качан күчүнө кирет? Президенттин маалымат катчысы жооп берди

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрмө берди.

«Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирет (гезит алдыдагы шейшемби күнү жарык көрөт). Мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керек. Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.

Башкача айтканда, белгилүү бир убакытты алат. Азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө калат. Бул Садыр Жапаровдун так тапшырмасы», — деп жазды ал.