Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүп жатат

Бүгүн жана эртең Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтөт. Анын ишине президент  Садыр Жапаров бүгүн катышып жатат.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети, мамлекет башчысынын  региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.

Региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.