Жети-Өгүз, Жумгал жана Кара-Сууга жаңы акимдер дайындалды

Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – райондордун акимдерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Адыбек Набиев — Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

Жакыпбек Субагожоев — Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

Эрмек Бахавадинов — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

Ошону менен бирге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемелери менен:

Уристем Манапов — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Зарлык Тургунбаев — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды;

Турсунбек Бактыгулов — Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;

Шакир Мамадалиев — Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;

Бактыбек Осмонов — Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду.