Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 8-октябрга дайындалды

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Аталган айылдык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Конституциянын 70-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 4-беренеси жана 48-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2023-жылдын 8-октябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
– убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан добуш берүү формаларын, жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн карасын.
3. Министрлер кабинети:
– шайлоону өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;
–  шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
– электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык түрдө жүктөп алуу жолу менен шайлоочулардын тизмелерин түзүү боюнча чараларды көрсүн;
– маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;
– пилоттук апробациялоо жөнүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине ылайык шайлоочуларды идентификациялоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тиешелүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.