Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу токтом долбоору добушка коюлуп, 50 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш берди. Ага чейин мындай сунушту “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы берип, аны Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет карап, колдогон.
Жыйында депутат Адахан Мадумаров Акыйкатчынын өзүнүн да пикирин угуу керектигин айтты. Ал эми спикер Нурланбек Шакиев расмий түрдө чакырылганын, бирок келбегенин айтты. Добушка коюлуп, 55 депутат добуш берди. 50 депутат «макул», 5 депутат «каршы» экенин билдиришти.