Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Жогорку Кеңеш экс-президенттин статусун калыбына келтирүү боюнча Аскар Акаевдин арызы каралды.

Жыйында комитет Жогорку Кеңешке убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Аскар Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу боюнча сунуш болгону айтылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы баяндамачыны уккан соң, «Анда талкуусуз эле баш тарталыбы? Добушка коёлу» деди. Буга 71 «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.