Жогорку Кеңеш башкы прокурорго Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маселе каралды.

Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМКНын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Бул тууралуу атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев маалымат берди. Ал белгилегендей, комиссиянын бир нече отурумдары өтүп, ага бир топ укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышканын белгиледи. Маселени кароонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди 378-берене (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Залда отурган 69 депутаттын баары “макул” деген добуш берди.

Жогорку Кеңештин 27-декабрдагы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурордун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исираилов, Винера Раимбачаева кирген.