Жогорку Кеңеш “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды

Жогорку Кеңеш “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды. 66 депутат макул, бешөө каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын — чет мамлекеттердин, алардын мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын же болбосо көрсөтүлгөн булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү алуучу ыйгарым укуктуу адамдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын, айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Депутат Дастан Бекешев добуш берген депутаттарды жарыялады.