Жогорку Кеңеш желекке түзөтүү киргизүү долбоорун биринчи окуудан колдоду

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окуудан өттү.

Жыйында авторлорго, демилгечилерге сындар айтылды. 66 депутат желекти өзгөртүүгө макулдугун берип, 8и каршы болду.