Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевди башкы прокурорлуктан бошотууга макулдук берди

Бүгүн, 5-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурору Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотууга президенттин сунуштамасын колдоп беришти.