Жогорку Кеңеш Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевди дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевди дайындоого макулдук берди. 

11-февралда президенттин жарлыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги министрлик болуп түзүлгөн. Курулуш министрлиги өлкөдөгү он жетинчи министрлик болуп калды. Жаңы түптөлгөн министрликти Нурдан Орунтаев башкарат. Ал буга чейин агенттикти жетектеп келген. 

Нурдан Орунтаев 1988-жылы 9-сентябрда Нарындын Кочкор районунун Туз айылында туулган.

2011-жылы Орусиянын ИИМинин Волгоград академиясын «юриспруденция», «соттук криминалистика» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Бишкектин Свердлов райондук милициясында тергөөчү болуп баштаган.

Эмгек жолу:

* 2011-2012-жыл — Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;

* 2012-2014-жыл — ИИМ Академиясынын окутуучусу;

* 2015-2016-жыл — Октябрь райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;

* 2016-2018-жыл — Октябрь райондук ИИБдин улук тергөөчүсү;

* 2018-2019-жыл — Свердлов райондук ИИБинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары;

* 2019-жыл — Чүйдүн Москва райондук ИИБинин тергөө кызматынын башчысы;

* 2019-2020-жыл — Чүйдүн Сокулук райондук ИИБинин тергөө кызматынын башчысы;

* 2020-2021-жыл — ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү;

* 2021-жылы — ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары;

* 2022-жылы — Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору;

* 2022-2023-жыл — Бишкек шаарынын вице-мэри;

* 2023-2025-жыл — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

* 2025-жыл, февраль — Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри.