Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашууну ратификациялады

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашууну ратификациялады.

Жыйында бир нече депутаттар суроолор кайталанып жатканын айтып, добуш берүүгө өтүү керектигин айтышты. Мыйзам 3 окуудан тең өттү. Добуш берүүдө 64 депутат «макул», 19 депутат «каршы» добуш берди.