Жогорку Кеңеш Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берген жок

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жабык эшик артында каралды. Анда парламент депутаттык комиссиянын корутундусун колдоду.

Буга чейин депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүүдөн баш тартканы маалым болгон. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын чечими жабык эшик артында каралып, бирок анын иши 10-мартка чейин узартылган. Ошого улай эле депутатка карата козголгон кылмыш иши «чыккынчылык» беренесинен «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине алмашканын Адахан Мадумаров өзү билдирген.