Жогорку Кеңеш менен Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагалары меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын өнүктүрүүгө багытталган Меморандумга кол коюшту.

Меморандумда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу боюнча комиссияны түзүү маселеси камтылып, ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер киргизилген. Анын ичинен тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосунда тыгыз кызматташтыкты калыптандыруу жана эл аралык алкактагы байланыштарды чыңдоо тууралуу макулдашуулар белгиленген.