Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алышты. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Талкуу маалында депутаттар Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары боюнча өз пикирлерин билдиришип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар сунуштарын беришти. Депутат Дастанбек Жумабеков бюджеттин күтүлүп жаткан профицити боюнча оң пикирин айтып, Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи. Ал эми эл өкүлү Айбек Осмонов республика боюнча социалдык объектилерди куруу долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында мамлекеттик курулуш агенттигинин статусун министрликтин деңгээлине көтөрүү маселесин кароону Министрлер кабинетине сунуштады.

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу району өлкөдөгү калктын саны боюнча эң чоң аймактардын бири экенин айтып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай куруу зарылдыгына көңүл бурду. Андан сырткары, эл өкүлү Марлен Маматалиев парламенттик делегациянын Мамлекеттик Думага болгон иш сапарынын жыйынтыгына токтолду. Депутат Улугбек Ормонов мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгын эске салып, келерки жылдын бюджетинин долбоорунда мектептердин чарбалык муктаждыктары үчүн каражаттар камтылганбы деген суроону койду. Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев бул максаттарга 2024-жылга кошумча 137 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Талайбек Масабиров тармактык комитеттин жыйындарында бюджеттин долбоорун кароодо капиталдык курулуштар боюнча толук жоопторду алганын белгилеп, ошондой эле элдин саламаттыгын сактоо боюнча бир катар маселелерди көтөрдү. Анын ичинен, эл өкүлү жаштар арасында вейп, IQOS жана башка электрондук тамеки тартуунун, энергетикалык ичимдиктердин зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү табыштады. Депутат Мейкинбек Абдалиев учурда жарандарга электрондук кол тамга жеке компания тарабынан берилип жатканын сындап, бул ишти мамлекеттик ишкана колго алса, ошого жараша киреше мамлекеттик бюджетке түшүп турмак деген пикирин билдирип, өкмөттү бул багытта тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды. Депутат Чолпон Султанбекова кыргыз элинин чыгаан акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү сунуштады.