Жогорку Кеңеш 5-февралда Саламаттыкты сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевдин талапкерлигин жактырды.
Чечейбаев депутаттарга жарандарды жеткиликтүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну, «Кыргызфармациянын» ишин кароону, жарандардын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу үчүн оорулардын алдын алууну күчөтүүнү пландап жатканын айтты.
Эркин Чечейбаев Маратович ким?
Чечейбаев 16-ноябрда 1974-жылы туулган. 1991-1997-жылдары КММАнын санитардык-гигиеналык факультетинде окуп, «Профилактикалык иш» адистиги боюнча «Санитардык врач» квалификациясын алган.
2014-2015-жылдары Маастрихт университетинин (Нидерланды) Ден-соолук, медицина жана табигый илимдер факультетин «Сергек жашоону илгерилетүү» адистиги боюнча аяктаган.
Чечейбаев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасында иштеп келген.
1997-1998-жылдары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде санитардык врач болгон.
1998-2000-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис. Ошондой эле саламаттык сактоо министрлигинин реформаларды ишке ашырууну координациялоо башкы башкармалыгында консультант болгон.
Мындан тышкары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ар кандай долбоорлорунда иштеген. 2009-2017-жылдары Барселонада жашаган көз карандысыз консультант болгон.
2017-жылдын апрелинен 2018-жылдын апрелине чейин ДСУда иштеген: Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу департаментинде, ден соолукту илгерилетүү бөлүмүндө; андан кийин ДСУнун башкы директорунун орун басарынын кеңсесинде; жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну координациялоо Глобалдык механизминин техникалык директору кызматын ээлеген.
2018-жылдын 3-апрелинде Чечейбаев Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалып, 29-январына 2020-жылдын чейин бул кызматты аркалаган.