Жогорку Кеңешке шайланган 6 жаңы депутаттын бешөө ант берди (видео)

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңеш өз ишин баштады. Жыйналыш гимн менен башталды.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттардын катарын 6 депутат толуктаганы айтылды. Алар ант беришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жаңы депутат Жумабек Салымбековдун ден соолугуна байланыштуу келбегенин билдирди.

Ант бергендер:

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча — Айжигит Тыналиев.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча — Бакытбек Марипов.

Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясы — Арсланбек Эгембердиев.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы — Аккулу Бердиев. 

«Ыйман Нуру» саясий партиясы — Эрнист Айдаралиев.