Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, Экономика жана коммерция министрлигине Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги каралып жатат.
Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Адылбек Касымалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек шаарындагы абанын булгануусун моюнга алды.
Депутат Дастан Бекешев өкмөт башчылыкка талапкер Касымалиевге Бишкектеги жол тыгыны боюнча суроо салып: «Коомдук транспортко артыкчылык беребиз деп менчик авто унааларды чектеп тыгын күчөдү. Жолго эки саат кетип жатат. Бул республикалык деңгээлде эле карала турган маселе болуп калды. Ушул жаатта кандай реформа болот?» — деди.
«Бул чоң көйгөй. Мен азыр сизге так бир жооп айтып, ушундай жол менен чечем деп айта албайм. Бирок бул көзөмөлдө болчу маселе. Алдыда Бишкек шаарынын мэри менен биргеликте чечебиз», — деп жооп берди Адылбек Касымалиев.