Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилге көтөрө турган депутаттык топ түзүлүп, ишин баштады. Бул тууралуу “Азаттык» жазды.
Андагы маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин VII чакырылышын эрте таркатуу сунушу жана ага негиз болгон жагдайлар такталып, кийинки жумада маселе күн тартибине чыгышы мүмкүн. Ушул тапта депутаттардан кол топтоо жүрүп жатат.
“Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр болуп жатат. Демилге көтөрө турган депутаттык топ ар кандай жагдайларды талкуулап жатат. Азырынча бир чечим боло элек. Бул топто бир нече депутат бар. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу боюнча жагдайлары кандай түшүндүрүлөт, ошого жараша добуш берем. Азыр эми иш толук бүтө элек”, — деген депутаттардын бири.
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин кеминде 30 депутат көтөрүп, аны депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 61 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандан кийин саясий иш-чара 45 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүшү зарыл.