Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды. Демилгечи — Министрлер кабинетинин төрагасы. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2023-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету угулууда. Аталган маселелер боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасады.
Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов Токтогул шаарында таза суу, жол көйгөйлөрүн, Кара-Көл шаарында оорукананын имаратын куруу, Шамалды-Сай шаарын өнүктүрүүгө кошумча каражат берүү маселелерин көтөрдү. Депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы жараксыз мектеп имаратын жаңылоону 2025-жылдын планына киргизүү, мектеп жана бала бакча директорлорун сынактан өткөрүүнүн тартибин жөнөкөйлөтүү жагдайларын белгиледи. Депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунда аткарылып жаткан долбоорлорго токтолуп, токой кызматын ӨКМден бөлүп, өз алдынча мамлекеттик орган катары уюштуруу маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана пенсиясынын аздыгына кайрылды. Ошондой эле ал турак жайды ижарага алууга айына 9 миң сом бөлүнөрүн, бул азыркы шартка дал келбей турганын айтты.
Ал эми депутат Карим Ханджеза Москва районундагы Кепер-Арык мектебинин эски имаратын жаңылоо, Жаңы-Жер айылынын ички жолдорун оңдоо маселесин айтты. Депутат Акылбек Түмөнбаев өлкөнүн келерки жылдагы бюджетинин профицитин тактап, Ак-Суу районунда курулушу башталган социалдык объекттерди өз убагында бүтүрүү сунушун берди. Депутат Бактыбек Чойбеков Бишкек-Ош жолундагы К.Көлбаев атындагы тоннелге удаа Ашуу-Төр жолун куруу маелесин көтөрдү. Ысык-Көл облусунун аймагында айрым медициналык жабдыктардын жетишсиздиги боюнча маселени депутат Лейла Лурова белгиледи.
Ошондой эле депутат Медербек Алиев өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында мамлекетке алынып жаткан мүлкттөр, бул багыттагы реформаларга токтолду. Депутат Нурланбек Азыгалиев 2025-жылы Чүй облусунун аймагында аткарыла турган долбоорлорду сурады. Муну менен катар депутат Кара-Балта шаарында реконструкциядан өткөн “Манас” спорт комплекси үчүн ыраазычылык билдирди. Депутат Жалолидин Нурбаев Араван районундагы ички жолдордун абалына, социалдык обьекттердин курулушуна токтолду. Нарын шаарынын өнүгүүсүнө республикалык бюджеттен 1 миллиард сом каражат бөлүү маселесине токтолгон депутат Мурадил Сыдыков облус аймагындагы жолдорду калыбына келтирүү жагдайын белгиледи. Эл өкүлү Алишер Козуев келерки жылы Кара-Суу районунун уюшулгандыгынын 90 жылдыгын жогорку деңгээлде уюштуруу, анын алкагында кошумча каражат бөлүү маселесин көтөрдү.
Өз кезегинде депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарында унаа тыгындарын азайтуу, мектеп автобустарынын жүрүү машруттарын карап чыгуу жагдайларына токтолду. Депутат Гуля Кожокулова республикалык бюджеттин аткарылышында Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган финансылык мыйзам бузууларга көңүл бурду. Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын айткан депутат Ырысбек Атажанов Кызыл-Кыя шаарын толук газдаштыруу сунушун карап көрүүгө чакырды. Депутат Нилуфар Алимжанова 2024-2025-жылдардагы салыктык эмес кирешелерди, анын ичинен дивиденттерди тактады. Ошондой эле депутат Ноокат жолунун курулушунда турак жайлары бузулган жашоочуларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү маселесин айтты. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Ысык-Көл, Түп райондорунун ички жолдорун оңдоо, Теплоключенко айылынын атын өзгөртүү сунушун берди.