Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кечирим сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кечирим сурады. Ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялагандай, укук коргоо органдарынын ардагерлери, коргоо министрлиги жана Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушкан.

“Мен аскер адамдары татыктуу пенсия алышы керек, ал эми аскер адамдары менен бир катарда каралган башка кызмат адамдары үчүн өзүнчө пенсия саясаты жүргүзүлүшү керек деген маселени көтөрдүм. Аскер кызматындагылар үчүн пенсия катары бюджеттен 3 миллиард сом бөлүнөт. Ал эми кошумча каражат 3 миллиард 700 миллион сомду түзөт. Ошондуктан мен бул каражатты бөлбөстөн эле, айлык акыны жогорулатып, пенсиянын көлөмүн көтөрүүнү сунуштадым”, — деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин ал аскер адамдарынын пенсиясына кошумча берилген төлөмдү алууну сунуштаган. “35 жыл иштеген мугалим кошумча төлөмү менен кошо 11 миң сомдой пенсия алса, аскер адамдары 45-50 миң сомдун тегерегинде пенсия алат. Ар бири айлыгына жараша пенсия алсын” деген эле.