Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Ахмедов Канатбек Абдурашидович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал Токмок шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Урмат Самаевдин ордуна келди.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.