Жогорку Кеңештин комитети Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун колдоду.

Комитет бүгүн кезексиз жыйын өткөрдү. Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Депутаттардын айтымында, Жогорку Кеңеш Акыйкатчыны кызматтан алуу маселесин кийинки жыйынында карайт.