Жогорку Кеңештин комитети Акаевдин арызы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү колдогон жок

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана экс-президенттин статусун калыбына келтирүү боюнча Аскар Акаевдин арызы каралды.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова тиешелүү арыз Жогорку Кеңешке 3-сентябрда келип түшкөнүн эске салды. Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул маселени ар тараптуу изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү керектигин белгиледи. Депутат Жанар Акаев Аскар Акаев президент болуп турган мезгилде өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкаруу орноп, Аксы окуялары болгонун эске салды.

Жыйынтыгында комитет Аскар Акаевдин арызын эске алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Ошондой эле комитет Жогорку Кеңешке убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Аскар Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.