Жогорку Кеңештин комитети казинолор боюнча мыйзам долбоорун караган жок

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети оюн-зоок жайлары тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибине киргизген жок. Комитеттин жетекчиси Данияр Төлөнов Министрлер кабинети мыйзам долбоорун тез арада экинчи жана үчүнчү окууда кароону суранып жатканын билдирди.

Буга депутат Камила Талиева каршы чыкты. Долбоор шашылыш түрдө киргизилип жатканын, керектүү материалдар таратыла электигин белгиледи. «Күн тартибине коюлган маселелерди карайбыз», — деди ал.

Депутат Акылбек Түмөнбаев менен Эльвира Сурабалдиева кесиптештерин казино тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүгө жана өз оюн ачык айтууга чакырды. «Оюңарды айтуудан коркпогула, ким колдойт, ким каршы экенин карап чыгып, ачыкка чыгарабыз», — деди ал.

Депутаттар мыйзам долбоорун комитеттин жыйынынын күн тартибине киргизген жок.