Жогорку Кеңештин комитети «Кыргызиндустрия» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кечээ, 22-майдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Ишкана тууралуу «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов, Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов маалымат беришти.

Көчмө жыйындын алкагында эл өкүлдөрү «Кыргызкерамзит», «Кыргызбакча», «Кыргызтемирмык», «Кыргызтопчу» ишканаларынын ишин көрүштү. Жарасул Абдураимов белгилегендей, «Кыргызиндустрия» 19 долбоорду ишке ашырып, анын 9у толук кубаттуулукта иштей баштап, өз продукциясын чыгарат. Ишкананын жалпы уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт. «Кыргызиндустриянын» ишмердүүлүгү конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнүн, иштеп жаткан өндүрүштөрдү жаңылоонун жана кеңейтүүнүн, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүүнүн эсебинен тармакты жандандырууга багытталган.

Талкуу маалында депутаттар долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн каржылык каражаттарды кайтаруу механизмдери, штаттык түзүмү жана «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун тейлөө боюнча суроолорду ортого салып, комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов, депутат Айбек Алтынбеков бул маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Ал эми эл өкүлү Султанбай Айжигитов азыркы шартта «Кыргызиндустрия» туура иштеп жатканын, бирок индустриялаштыруу жана борбордук пландоо саясатын да эске алуу керектигин белгилесе, депутат Шарапаткан Мажитова «Кыргызиндустрия» ААК өзүнүн финансылык отчетун так жүргүзүүсү зарыл деп эсептейт.