Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралары тууралуу келишимди колдоду.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берди. Комитеттеги алты депутат макулдук берип, төртөө каршы болду.