Нурланбек Шакиев Акылбек Жапаровдон орусча аралаштырбай сүйлөөнү талап кылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон орусча аралаштырбай сүйлөөнү талап кылды.

«Сиз сөзүңүздө “школа, доход, крыша, стена, контроль, садик, стена» деген сөздөрдү азыраак колдонуп, так кыргызча сүйлөөгө аракет кылсаңыз, болбосо тил кордолуп кетип жатат. Баарына үлгү болсоңуз», — деди төрага.