Жогорку сот БШКнын Текебаевдин мандатына байланышкан арызын кайра кайтарып берди

БШК Текебаевдин мандатынан ажыратуу боюнча административдик соттун чечимине макул болбой Жогорку Сотко арыз жазган. Тактап айтканда, БШК Текебаевдин мандатын кайтарып берүү керек деп эсептейт. Бирок документтердин толук болбогонуна байланыштуу Жогорку Сот арызды кайра артка кайтарганын билдирди.

Маалым болгондой, өткөн жылдын октябрь айында жарандык активист Темирлан Ормуков БШКнын депутаттык мандатты Текебаевге кайтаруу чечимин жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган.

Көп өтпөй административдик сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп таап, мандатты «Ата Мекен» партиясынын лидерине кайтаруу чечимин жокко чыгарган.

2017-жылы Өмүрбек Текебаев пара алган деп шектелип, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошол окуядан кийин депутаттык мандатынан ажыраган. Анын мандаты Искандер Гайпкуловго өткөрүлүп берилген болчу.