Жогору Кеңеште ар бир депутаттын столуна желек коюлду. Самыйкожо себебин түшүндүрдү

Депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында эмне үчүн депутаттардын столуна Кыргызстандын желегин коюуну суранганын түшүндүрдү.

«Мамлекеттик желек – биздин башкы атрибутубуз. Кыргызстанды дүйнө ушул желек менен тааныйт. Желек биздин ыйык нерсебиз, анын артында көп нерсе бар. Желек алмаштыруу темасы дагы көтөрүлсө, алар тууралуу айтып берем. Ыйык нерсени сактоо керек. Желексиз мамлекет болбойт», — деди ал.

Депутат Кыргызстандын туусунун кооздугун жана улуулугун ар бир адам көрүшү үчүн столдорго желектерди коюуну суранганын айтты.