Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевди дагы катуу сынга алды

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президентке, УКМКнын төрагасына кайрылуу жасап, анын бир дагы тууганы медицинада иштебей турганын айтты. Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сотко бергенин айтып, аны саткын деп атады.

«Мен өткөндө эле анын уюшкан кылмыштуу топко түз байланышы бар экенин айткам. Мен ар бир сөзүмдү далилдеп жүргөн адаммын. Ал мени уялбастан сотко берди. «Мен Гиппократтын антын бергем, ким болсо да операция жасайм» деди. Ар бир адам билет, жол кырсык, кылмыш милицияга каттоого алынышы керек. Министрлик кабар бериши керек. А бул үйүнө бекитип, көрүнгөн жерде операция жасап жүргөн. Ал Гиппократтын анты үчүн эмес, АКШнын акчасы үчүн жасап жүргөн. Элдин башын айландырбасын. 47-колония менен медициналык академиянын ортосунда келишим бар болчу деп айтты. Мен суроо жөнөттүм. Эч кандай келишим болгон эмес. Жалганды башка жакка барып айтсын. 

Маркум «Дөө Чыңгыз» деген болгон. «Дөө Чыңгыздын» балдарынын бири, азыр министрдин оң колу, кеңешчиси болуп отурган жигит бар. Бул жигит өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Болгону тиш техниги. Бул «кара» иштерин ушул жигит аркылуу бүтүрөт. Чоң дайындоодо ушул жигит аркылуу акча алынып турат. Кызматка 50 миң доллар сураган. Мен акча сурагандардын баарын алып келип койдум», — деди ал.

Депутат аны коррупцияны схемалаштырып койгон деп айыптап, анын байлыктарын ачыктоого аракет кылды.

14-мартта депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министринин «черный хирург» деген каймана аты бар экенин айткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Алымкадыр Бейшеналиев анын дарегине айтылган сөздөр боюнча комментарий берген болчу.