«Жыгылганды сокпойт». Шайлообек Атазов мандатын алуу боюнча соттун чечими тууралуу үн катты

Бишкектин административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Ал социалдык тармактагы баракчасына соттун чечими боюнча комментарий берди.

«Сүлкүлдөгөн сүмбүлдөрдүн атын атоого убакыт келип калды окшойт. Соттордун бүгүнкү кадамы өлкөбүздө адилеттүүлүк, мыйзамдуулук канчалык деңгээлде экенин далилдеп турат. Шашпай эле мен дарыланып бүткөндө кол салышса да жетишмек! Ар бир нерсенин эрежеси бар да. Мисалы спортто атайын эрежелер бар. Жыгылсаң сокпойт… Саясатта да саясий маданият, эреже болуш керек! Тынчылык заман эмес, согушта жарадар болгон адамды да врачтар алып кетип жатса душмандар тийбейт…

Свердлов райондук соттун чечими мыйзамсыз чыкты. Конституцияда, мыйзамда жок нерсени жасады. Мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетирди! Сот адилеттүү деген сөзгө көө жапты! Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды. Тилекке каршы өлкөбүздө президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферисттер, шылуундар, сүлкүлдөгөн сүмбүлдөр топтолуп калды… Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт. Мен эми мага болуп жаткан акыркы алты айдагы саясий кысым жана аны кимдер уюштуруп жатат, баарына күн сайын убакытка карап токтолуп турайын. Сабыр кылдым, жөн коюшпады.

Биздин мамлекетте кандай гана мыйзамсыз иштер болуп жатса баарын кылган, өлкө башчыларына туура эмес маалыматтарды жеткирген сүмбүлдөрдүн айынан болуп жатат. Кеп менин мандатымда эмес. Кеп адилеттүүлүктө, мыйзамдуулукта.

Мандат — бул бейишке чыктың деген кепилдик эмес. Мандат — бул бактылуулук символу да эмес. Мандат элдин берген аманаты, ишеними. Маселе, мен ошол элдин аманатын татыктуу сактап калдымбы же коркоктук кылып тымпыйып өткөрүп бердимби? Маселе ошол. Мен мандатка кызыкпайм. Аллах ар бир адамдын ырыскысын төрөлгөндө эле чечип койгон. Мамлекеттик түзүлүшкө сокку уруп жаткан саясий топтор пайда болду. Биз күрөшөлү», — деп жазды ал.