Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ал мындан ары депутат катары ишин уланта берет.

Жамиля Исаева «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.