Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Бүгүн, 31-мартта бир катар аймактардын жетекчилери кызматтан алынып, ордуна башкалар дайындалды. Алар төмөндөгүлөр:

Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, анын ордуна бул кызматка Илияз Ташбаев дайындалды.

Жайнак Немат уулу Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна бул кызматка Жылдызбек Беккелдиев дайындалды.

Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна бул кызматка Алмаз Байгазиев дайындалды.

Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотулуп, анын ордуна Темирболот Абыкеев дайындалды.

Талантбек Эдилов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алтынбек Бектуров дайындалды.

Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Эдилбек Тажимырзаев дайындалды.

Ошондой эле Бакытбек Кошалиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.