Кайда экени белгисиз болуп жаткан депутат Эмил Жамгырчиевдин Москвада жүргөнү маалым болду

Кайда экени белгисиз болуп жаткан депутат Эмил Жамгырчиев Москвадан пост жазды.

Маалыматка караганда, эл өкүлү бүгүн, 12-декабрда Орусияда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган турнирге барган. Быйыл Эл аралык турнирдин ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев дипломдорду тапшырып, турнирди баштаганы жазылат. 

27-ноябрда  Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдун УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.  Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Жамгырчиевдин бошотулганын жазган. Ал эми УКМК маалымат таратып, эл өкүлүнүн дайынсыз болуп жатканын билдирген.