Какшык иретинде Жапаровдун ысымын ыйгаруу сунушталган Жумгал — Ак-Талаа жолун оңдоо иши токтоп турат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна жумушчу жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жумгал — Ак-Талаа унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жолду карап чыгууда аныкталгандай, жаан-чачындан улам жолду реконструкциялоо иштери токтоп калган, ошондой эле кесипкөй адистердин жана жумушчулардын жетишсиздиги орун алган.

Эдил Байсалов бул маселени чечүүнү, бул максатта Нарын облусунун башка райондорунан да жумушчу күчтү тартууну тапшырды. «Жакынкы аралыкта жолду реконструкциялоо иштери улантылышы керек. Министрлер кабинети тийиштүү маселелерди чечүүгө максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт»,— деди ал.

Өткөн аптада Жумгал — Ак-Талаа жолунун тамтыгы чыгып калганын, ал жолго Акылбек Жапаровдун ысымын ыйгарууну Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирген болчу.