Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумду өткөрүүнү колдоп, добуш берди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынан кийин соцтармактарга эл өкүлдөрүнүн мыйзам долбооруна добуш берүүсү кандай өткөнү тартылган тасма жарыяланган. Видеодон залда депутаттардын жарымынан көбү жок экенин көрүүгө болот. Айрым эл өкүлдөр үчүн башка адамдар добуш берүүгө аракет кылышкан. Бирок аларды кабарчылар тартып жатканын байкашып, добуш берүүдөн айбыгып калышкан. Депутат Акылбек Жапаров иш орду жакын жайгашып, бүгүн отурумга келбей калган кесиптештери үчүн добуш берүүдөн тартынган эмес.
Андан тышкары референдум дайындоону колдоп, учурда ооруканада жаткан Шаршенбек Абдыкеримов дагы добуш берген. Ал бүгүн отурумга келген эмес.
Референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Аны депутаттардын 87си колдоп, 9у каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.