Камчыбек Жолдошбаев: «Бул мыйзам долбоору чала бышкан эттей болуп жатат»

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттар сунуштаган мыйзамдын долбоору каралып жатат. Тактап айтканда, эл өкүлдөрү тарабынан парламенттик шайлоодо преференциалдык шайлоо ыкмасын колдонуу сунушталды.

Депутаттын айтымында, преференциалдык шайлоо ыкмасы бир мандаттуу шайлоонун да ролун аткарат десек болот. Эл бир партияны эмес, анын тизмесиндеги өзүнө жаккан талапкерди тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, 90-катарда турган талапкер көп добуш алса, мандат берилет. Муну менен партия лидерлеринин кызыкчылыгына да бөгөт коюлат.

Бул мыйзам долбоорун айрым депутаттар колдосо, айрымдары иштелип чыгышы керек дейт. Ошондой эле бул ыкманы жергиликтүү шайлоого колдонуп көрүү керектигин айткандары да болду.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев бул мыйзам долбоорун «чала бышкан этке» салыштырды.

Анын айтымында, бул долбоор ищке кирсе кыз-келиндердин, жаштардын бирөө да өтпөйт.

«Бүтүндөй республиканы кыдыруу керек. Президент тик учак менен барып, араң жолугушуу өткөрүү уюштуруп жатат.  А бул жөнөкөй кишилер кантип барат? Бир эле системага 90 кишини коюп коюп, «кошка-мышка» ойноп жатабыз»,- деди ал.