Камчыбек Ташиев: «Мага байлыктын да, креслонун да кереги жок. Бул мактануу эмес»

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү, андагы чириген системанын жок кылынышы боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

«Мен дагы 3 жыл иштеп калсам, 3 жылдан кийин ыйлабашым керек. Ошол маалда кылып калган эмес экем дебешим зарыл. 3 жылдан кийин мени мыйзам коргошу абзел. Эл алдында жүзүм жарык жүрүп, мыйзам коргошу кажет. Биз чириген системаны тазалайбыз деп кирдик. 2-3 күндөн кийин сот жана адвокатура системасында иштер жүрөт. Мамлекетти тазалаш керек. Жеке кызыкчылыкты, ишкерликти, акчаны четке жылдыралы. Мен үчүн эч нерсе керек эмес. Бул реклама же бирөөгө мактануу эмес. Мага байлык да, кресло да кереги жок. Мага мамлекетти мыйзамдуу өлкөгө айлантып калуу маанилүү. Бизде шанс бар», — деди ал.