Камчыбек Ташиев: «Жаңжалды токтотуу үчүн болгон аракет көз өткөндөн кийин бааланат деп ойлогом»

«Жаңжалды токтотуу үчүн болгон аракет көз өткөндөн кийин бааланат деп ойлогом». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

«Бул сыйлыкты алуу бир жагынан күтүүсүз болду. Экинчи жагынан алганда, бул күтүлгөн эле окуя болчу. Себеби бул сыйлык 12 жылда болуп өткөн окуялардын негизинде берилгенин президент да айтып өттү. Ошол маалда жасалган эмгек, ошондогу жүз миңдеген адамдардын күбө болушу ал окуялардын жөндөн жөн эле унутулуп калышы мүмкүн эмес болчу. Эки элдин ортосундагы жаңжалды токтотууга жасалган аракеттерибиздин кайсы бир маалда бааланышын билгем. Бирок бул баалануу көз өткөндөн кийин болсо керек деп ойлогом», — деди Камчыбек Ташиев.

1-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Наамдарды тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн сыйлык берилгенин айтып берген.