Камчыбек Ташиев: «Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун да жедирбейм»

«Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” деген көрсөтүүсүндө Өмүрбек Суваналиев “Кустуризацияны” туура эмес сыпаттап, мыйзамдуу жол менен кетиш керек болчу, коррупцияны күч менен жоё албайбыз. Кустуризациядан түшкөн акчанын дайыны жок” деп айтты. Буга карата УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга жооп берди.

«Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элдин талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйгө муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды.

Баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Кыскасы, “иттер үрө берет, кербен жүрө берет”. Биз мамлекет үчүн ишти кыла беребиз. Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү — жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат» дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем!

Анткени, дагы кайталайм, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын болуп жатат. Азыр дагы тазалап бүтө албай жатабыз, алар абдан уюмдашып кеткен. Мунун баары эл үчүн! Бир тыйыны калбай мамлекеттин, элдин пайдасы үчүн жумшалат. Күтүп тургула», — деди ал.