Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке коррупция боюнча мыйзам долбоору менен келди

Мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калууда. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.

«Кээ бир жерлерде өсүп да кетти. Бул жаатта жүргүзүлгөн анализ боюнча бул чөйрөдөгү мыйзамдарды жакшыртууга муктаж экенин көрсөттү. Биринчиден, коррупциялык кылмыштарды азайтуу үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу. Экинчиден, коррупциялык кылмыш жасаган адамдарга күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн, кеминде жарымын дайындоо. Коррупциялык кылмыш жасаганы үчүн соттолгону жоюлгандыгына же алып салынганына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана калыбына келтирбеген тыюу салуу. Жубайы же жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар же талапкерге карата кылмыш иши реабилитациялык эмес негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулар түзүмүнө кабыл алуудан баш тартуу. Коррупция боюнча көпчүлүк учурда айып пул төлөө жазасы кабыл алынган. Айып пул гана салбастан, реалдуу түрдө эркинен ажыратып, аны мамлекеттик жумушта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат», — деди ал.