Депутат Икрамов «суунун ордуна газ алсак болот беле?» деп сурады. Ташиевдин ага жообу

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Өзбекстандан Кыргызстан газды сатып аларын айтып, «биз аларга суу берип жаткандан кийин, газ менен алмашууну сүйлөшпөйлүбү?» деген сунушун айтты.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул мүмкүн эместигин, сууну сатуу боюнча сөз болбогонун жана болушу мүмкүн эместигин айтты. «Бул маселе бул жакта отургандар төрөлө электе түзүлүп калган. 1965-жылы, ким кааласа-каалабаса да суу сактагычка чогулган сууну 70 жылдан бери Өзбекстан колдонуп келет, колдоно берет. Бул шартты сиз же мен түзгөн эмесмин. Азыр биз сууну сатабыз десек да сата албайбыз. Шарт ошондой болду. Сууну сатуу боюнча сөз болгон эмес, азырынча болушу да мүмкүн эмес», — деди Ташиев. 

«Азыр биз Өзбекстандан газды Орусияны ортомчу кылып алып жатабыз да. Биз дагы ортомчу менен суунун акысын алсак болот беле?» — деп сурады депутат.

«Мындай шарт болгон эмес. Мен түшүндүрдүм. Башка сууларга суу сактагыч куруп, ошону пайдалансак болот. Сууну газга алмаштырабыз деген популизмдин кереги жок», — деди УКМКнын төрагасы.